Орусиянын Забайкал крайындагы Карымское кыштагында болгон жол кырсыгынан 22 жаштагы П.Б. жана 20 жаштагы П.М. аттуу Кыргызстандын жарандары каза болду. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.
Окуя 20-майда болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Чернышевск — Чита багыты боюнча бара жаткан жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.
Учурда Орусиянын компетенттүү органдары тарабынан бул окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
«Кыргызстандын элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсеси каза болгон жарандардын туугандары менен байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Ошону менен бирге региондогу кыргыз диаспорасы менен биргеликте каза болгон жарандардын сөөктөрүн мекенине жеткирүү маселеси каралууда»,- деп билдирди ТИМ.