Орусияда жол кырсыгынан кыргыз жараны жабыркады

Орусияда жол кырсыгынан кыргыз жараны жабыркады

Орусиянын Рязань облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болуп, 5 адам оор жаракат алды. Окуя кечээ, 12-январда Москва — Астрахань унаа жолунун 386-чакырымында катталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Элчиликтин маалыматында, Лада Ларгус унаасы менен Хендай Соларис унаасы сүзүшүп кеткен. Жабыркагандардын арасында кыргыз жараны да бар экенин такташкан. Ал унаада жүргүнчү катары бара жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>