Орусияда журналист Усманов тууралуу ушак тараткан деп айыпталууда

Орусияда журналист Усманов тууралуу ушак тараткан деп айыпталууда

Орусияда полиция «Росбалт» агенттигинин журналисти Александр Шваревге ушак таратуу жана опузалоо боюнча сыртынан айып такты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар адвокаттарга шилтеме кылып билдиришти.

Адвокаттардын айтымында, журналист ишкер Алишер Усманов тууралуу билип туруп жалган маалымат тараткан деп айыпталууда. Тергөөнүн версиясына ылайык, мындан тышкары ал казакстандык ишкерден опузалап 50 миң доллар талап кылган.

Жактоочулар Шварев учурда Латвияда дарыланып жатканын билдиришти. Дүйшөмбү күнү сот аны сыртынан камакка алуу маселесин карашы керек.

Адвокаттар журналисттин дарегине айтылган айыптоолорду ойдон чыгарылган, ал эми кылмыш ишин — буйуртма деп аташууда. Журналист өзү дооматтарды толугу менен четке кагып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>