Орусиядагы шайлоодо тазалоочу айым жеңишке жетти

Орусиядагы шайлоодо тазалоочу айым жеңишке жетти

Орусияда тазалоочу айым калктуу конуштардын биринин башчысы болду — анын айылдаштарынын көпчүлүгү техникалык талапкер катары шайлоого катышкан аялга добуш беришкен.

«Подъем» басылмасы билдиргендей, Марина Удгодская өз айылын башкара албай тургандыгын айтып, баш тарткан. Бирок айылдаштары аны колдогон.

Окуя Орусиянын Кострома облусундагы Повалихинский айылдык конушунда болгон. Өткөн шайлоодо Удгодская айыл өкмөтүнүн имаратында тазалоочу болуп иштеп, 84 добуш алса, учурдагы башчысы Николай Локтев 46га жакын добуш алган.

«Ооба, мен өзүмдүн талапкерлигимди көрсөткөн жокмун. Николай Сергеевич Локтев менден суранды, «талапкерлерден мен эле болуп жатам, сен дагы кой» деп. Мен жардам бергим келди. Биз аны менен чогуу жүрдүк. Айыл эли мага добуш беришет деп ойлогон эмесмин, мындай бурулушту күткөн эмесмин. Эл келип добуш берди», — деди Удгодская.

Ал жаңы кызмат ордуна 1-октябрдан баштап киришип, ага чейин бешинчи жыл иштеген администрациянын имаратын тазалоону улантууга ниеттенүүдө.

«Мен мындай кызматка даяр эмес элем. Мен эч качан документтер менен иш кылган эмесмин», — деп кошумчалады ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>