Казакстандык Air Astana авиакомпаниясы 28-майдан тарта Ош-Алматы багыты боюнча түз аба каттамы ишке кирерин жарыялады.
Каттамдар Airbus A320 учактары менен жумасына төрт жолу: шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Билеттердин баасы: Ош-Алматы багыты 6 651 сомдон, ал эми Алматы-Ош багыты 5 453 сомдон башталат.
Эске салсак, казакстандык FlyArystan авиакомпаниясы 3-июлдан тарта Алматы – Ысык-Көл («Тамчы» аэропорту) багыты боюнча жаңы эл аралык каттам ачууну пландап жатканын билдирген.