2010-жылдагы Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө жүргөн Караматхон Абдуллаева кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, ал 22-апрелде УКМК жана милициянын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Белгилүү болгондой, Караматхон Абдуллаева 2014-жылы 16 жылга сырттан соттолгон.
Толугураак маалымат кийинчерээк берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз