Site icon Reporter.kg

Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири Абдуллаева кармалды

2010-жылдагы Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө жүргөн Караматхон Абдуллаева кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, ал 22-апрелде УКМК жана милициянын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Белгилүү болгондой, Караматхон Абдуллаева 2014-жылы 16 жылга сырттан соттолгон.

Толугураак маалымат кийинчерээк берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version