Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу маселеси качан чечилет?

Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу маселеси качан чечилет?

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 31-октябрда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Кыргыз Республикасынын 2022-жылга карата республикалык бюджетинин «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралган каражаттар (курулуш, капиталдык ремонт, ичүүчү суу менен камсыздоону реабилитациялоо жана суу чарба курулуш иштери) тууралуу маалыматын угуу максатында Ош шаарында көчмө жыйын өткөрдү.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин кѳйгѳйлѳрү тууралуу маселе каралды.

Отурумга комитет мүчөлөрү, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана орун басары Бакыт Төрөбаев баштаган аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Комитет төрагасы Данияр Төлөнов белгилегендей, жыйындын жүрүшүндө министрлик жана ведомство жетекчилеринин, региондон келген адистердин отчеттору угулат. Ал кошумчалагандай, жыйындын жыйынтыгы боюнча комитеттин тиешелүү чечими кабыл алынат.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев маалымдагандай, аймактагы эң курч маселелердин бири калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу болуп саналат. Анын айтымында, 2022-жылдын бюджетинде 28 объект пландалып, анын бирөөсү дагы бүткөрүлгөн эмес. Эл өкүлү бул объекттерди 2023-жылдын бюджетине киргизүүнү сунуштады.

Талкуу маалында жергиликтүү тургундар социалдык көйгөйлөргө көңүл буруп, жол, мектеп, бала бакчаларды куруу зарылчылыгын көтөрүштү. Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосунун ачыктыгын жогорулатуу керектигин айтышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>