Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан 2,6 гектар аймакта заманбап эс алуу багынын курулушу кызуу жүрүп жатат.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, иштин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеринен таанышып, тиешелүү кызматтарга курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.
Жаңы сейил багында төмөнкүдөй объектилер курулат:
— 156 автоунаага ылайыкталган үч кабаттуу токтотмо жай – бул унаалардын токтоосундагы башаламандыкты азайтып, жол кыймылына оң таасир берет;
— Коомдук тамактануу жайлары – шаар тургундары жана меймандар эс алуу учурунда, тамактанууга мүмкүнчүлүк алышат;
— Футболдук чакан аянтчалар – жаштар үчүн спорт менен машыгууга шарт түзөт;
— Заманбап ажатканалар – коомдук жайлардагы эң зарыл муктаждыктын бири;
— Кире беришке кооз арка – парктын көркүн ачып, эстетикалык мааниге ээ болот.
“Учурда сугат системалары орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр басуучу жолдорго брусчаткалар төшөлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.