Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи шаарчасынын 20-көчөсүнүн №16 дарегинде жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт, коңшу төрт үйгө өткөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 31-июль күнү саат 20:38де катталган.
Өрт коңшу кошуна жайгашкан №18, №20 турак үйлөрүнө жана 19-көчөдө жайгашкан №17, №19 турак үйлөрүнө өткөн. Өрттүн жалпы аянты 350 чарчы метрди түзгөн.
Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм, 4 куткаруучу, Ош шаардык жашылдандыруу ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, ИИМден 4 экипаж, шаардык газ кызматынан 1 бригада жана РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылган. Өрт саат 21:40та чектөөгө алынып, саат 00:24тө толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.