Ош шаарынын Латибжанов көчөсүндөгү каналга 8 жашар бала түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Окуя болгон жерге ӨКМнын 4 куткаруучусу тартылып, баланын жансыз денесин суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.