Оштогу төрөт үйүнө жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башчысы Асылкан Асанова тастыктады.
Ал бүгүн иш күнү болбогондуктан толук маалыматты бере албай турганын айтты.
Социалдык тармакка чыккан маалыматка караганда ымыркайды энеси 8-апрелде төрөтканага таштап кеткен.