Нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-марттан 31-мартка чейин туруксуз аба-ырайы орун алып, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.