25-августта Кыргызстанга «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Сургут — Ош багыты боюнча рейси учуп келди. Кыргызстанга Орусиядан 160 жаран кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси аталган аймактагы Кыргызстандын элчилиги тарабынан түзүлгөн.