Ошто 18 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ 26-июлда Ноокат районунун Бел-Кайрагач айылындагы Найман каналына 18 жаштагы бала чөгүп кеткен.
Аны издөөгө 9 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган. Кийин өспүрүмдүн жансыз денесин таап, ички иштер органдарына өткөрүп беришкен.