Ош шаарындагы № 42- жатак абагында кир самын чыгарылып жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
«Үстүбүздөгү жылдын 6 айында Ош шаарындагы No42- жатак абагындагы атайын цехте 9 миң кг кир самын даярдалган.
Өндүрүлгөн продукция Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын ар кандай мекемелеринин керектөөлөрүнө арналган», — деп жазылат маалыматта.