Ош облусунда 10 млн 256 миң сомго эки көзөмөл өткөрмө бекетин салууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Тендер №2024 аскер бөлүгү тарабынан кечээ, 19-октябрда жарыяланган. Арыздар 24-октябрга чейин кабыл алынат.
Курула турган өткөрмө жайынын бири – Кара-Суу районундагы «Кара-Суу» бекети . Аны салууга 4 млн сом сарпталары пландалган. Ал эми экинчиси – Араван районунда жайгашкан «Кара-Багыш» бекетинин курулушуна 6 млн 256 миң сом каралган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз