Кара-Суу районунда чагылган түшүп бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21- июлда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Сарай айылында болгон. Анда мал кайтарып жүргөн 13 жашар балага чагылган тийип каза болгон.