Ошто 4 жетекчи аттестациядан өтпөй калды

Ошто 4 жетекчи аттестациядан өтпөй калды

Ош облусунда жогорку кызматты ээлеген төрт жетекчи аттестациядан өтпөй калды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 24-мартта Республикалык аттестациялоо комиссиясы Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын алардын орун басарларын аттестациялоо ишин аяктады.

Компьютердик тестирлөөдөн 18 талапкерден 1 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу, аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген эмес.

Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынган:

  • 1 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, кызмат боюнча көтөрүлүүгө сунуш кылынат;
  • 13 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет;
  • 4 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушкан.

Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча өкмөткө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>