Ош облусунда жогорку кызматты ээлеген төрт жетекчи аттестациядан өтпөй калды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 24-мартта Республикалык аттестациялоо комиссиясы Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын алардын орун басарларын аттестациялоо ишин аяктады.
Компьютердик тестирлөөдөн 18 талапкерден 1 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу, аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген эмес.
Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынган:
- 1 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, кызмат боюнча көтөрүлүүгө сунуш кылынат;
- 13 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет;
- 4 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушкан.
Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча өкмөткө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет.