Site icon Reporter.kg

Ошто аял кишинин сөөгү табылды

Ош шаарында аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Маматисаков көчөсүндөгү каналдан болжол менен азиат улутундагы аял кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version