Ош шаарында аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Маматисаков көчөсүндөгү каналдан болжол менен азиат улутундагы аял кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда