Ошто баңгизат жана курал алып бараткан Ысык-Көлдүн тургуну кармалды – видео

Ошто баңгизат жана курал алып бараткан Ысык-Көлдүн тургуну кармалды – видео

Ош шаарында баңгизат жана курал алып жүргөн 23 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-ноябрда Ысык-Көл облусунун 23 жаштагы М.У. аттуу тургуну башкарып бара жаткан БМВ үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, тинтилген. Анда автоунаанын багажынан 1 даана АК-103 үлгүсүндөгү ок атуучу курал, анын 6 даана огу, 2 бычак жана салмагы 3, 93 граммды түзгөн «гашишке» түспөлдөш зат алынган.

Мындан кийин ал Ош шаарында жашап жүргөн батир тинтүүгө алынып, ал жактан 4.20 грамм «гашишке» түспөлдөш зат табылган.

Ошондой эле аны менен чогу жашап жүргөн, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган 29 жаштагы Ч.Н. аттуу Өзгөн районунун тургуну да кармалган.

Курал жарак, баңгизат мыйзамсыз сактагандыгы боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында табылган далил буюмдарга карата соттук-криминалистикалык, соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>