Ош облусундагы күндүзгү стационарлар толук жабылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-августта күндүзгү стационарлардан акыркы 13 бейтап айыгып, чыккан соң, жабылган.
Эскерте кетсек, Ош облусунда жалпысынан 6 миң орундук даярдалган. Алардын ичинен 2 миң 400 орун стационардык мекемелерде жайгашкан. Калган 3 миң 600 орун 188 имаратта уюштурулган күндүзгү стационарларда даярдалган.