Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Ошто Орусиядан мыйзамсыз алып келинген, баасы 1 млн сомдук алтын буюмдар аныкталды
05.03.2026 | 15:35

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери «Ош» эл аралык аэропортунда Орусиядан алтын буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташты.
Рейддин жүрүшүндө тиешелүү коштомо документтери жок, жалпы баасы 1 млн сомдон ашкан алтын шакек, сөйкө жана чынжырлар табылган.
Аталган факт боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтүлдү.