Ош облусунун Беш-Мойнок айылында асфальт чыгаруучу жаңы завод ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Завод «Вега Строй» компаниясы тарабынан курулган жана суткасына 2 миң тоннага чейин асфальт чыгарууга жөндөмдүү.
Мындан тышкары заводдо майдаланган ташты кайра иштетүүчү жабдыктар – саатына 550 тоннага чейн, ошондой эле суткасына 4 миң даанага чейинки кубаттуулуктагы бордюрлар жана лотокторду чыгаруучу линия бар.
Заводдун ачылышы менен 60 туруктуу жумушчу орун түзүлдү. Өндүрүштү ишке киргизүү аземине транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев катышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз