Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн колго түшүрдү.
Шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүүнүн үйүнөн бир катар далил буюмдар табылган.
“28 жаштагы Кара-Суу районунун Шарк айылынын тургуну жашаган үйдү тинтүүгө алганда диний мазмундагы 16 китеп, 1 даана журнал, 4 диск, мобилдик телефондор жана «Белка» үлгүсүндөгү кош сайлуу ок атуучу курал алынган. Кылмышка шектүү Х.Д. «Жамаат таухид валь джихад» террордук уюмдун активдүү тарапкери экендиги аныкталды”, — деп жазылат маалыматта.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катоого алынып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында буюмдар экспертизага жиберилген.
[su_image_carousel source=»media: 22573,22572″ crop=»none» autoplay=»4″]