Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
Ошто турак үйдө чыккан өрттөн 168 адам эвакуацияланды
22.08.2025 | 15:57

Бүгүн, 22-август күнү Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 5-кабатынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү саат 09:51де түшүп, №13 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 күжүрмөн эсеп жана авто шаты тартылган.
Саат 10:30да 4 куткаруучу жана атайын техника кошулду.
Өрт саат 10:46да чектөөгө алынып, 11:47де толук өчүрүлгөн. Жалпы 168 адам эвакуацияланып, жабыркагандар катталган жок. Өрттүн аянты болжол менен 40 чарчы метрди түздү.
Жабыркагандар жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар