Site icon Reporter.kg

Ошто унаасы менен сууга түшүп кеткен жаран куткарылды

Ошто ӨКМдин куткаруучулары унаасы менен сууга түшүп кеткен жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Кырсык 6-июль күнү болгон. “Daewoo Matiz”  үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, Ош шаарынын Мушкетов көчөсүндөгү каналга түшүп кеткен.

Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, 47 жаштагы айдоочуну унаадан алып чыгып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда анын абалы туруктуу.

Exit mobile version