Күн станциялары, заводдор жана сурманы кайра иштетүү: Баткенде кандай долбоорлор ишке ашууда?Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кырчын капчыгайында кайсы иш-чаралар өткөрүлөт13 жаштагы кыргызстандык БУУга космосту таштандыдан тазалоо долбоорун сунуштадыАфганистанда бир миллионго жакын бала ачарчылыктан улам өлүм алдында туратМузыка, кол өнөрчүлүк жана акындар: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы «Рух Ордодо» кандай өтөт?UmutDoc арт-директору: «Фестиваль – бул жөн гана экран эмес. Бул экрандын тегерегиндеги адамдар»
Ошто унаасы менен сууга түшүп кеткен жаран куткарылды
08.07.2019 | 09:56
Ошто ӨКМдин куткаруучулары унаасы менен сууга түшүп кеткен жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Кырсык 6-июль күнү болгон. “Daewoo Matiz” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, Ош шаарынын Мушкетов көчөсүндөгү каналга түшүп кеткен.
Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, 47 жаштагы айдоочуну унаадан алып чыгып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда анын абалы туруктуу.
Рубрики: Жаңылыктар