Ошто урап түшкөн тротуар боюнча министрлик жооп берди

Ошто урап түшкөн тротуар боюнча министрлик жооп берди

Ош шаарында көп кабаттуу турак үйдүн курулуш иштери жүрүп жаткан учурда жөө адамдар үчүн арналган тротуар урап түшкөн. Курулуш министрлиги бул окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Учурда соцтармактарда Ошто жөө адамдар баскан тротуар урап калганы тууралуу видео тарап жатат. Министрлик видеодогу окуя 20-июнунда кечки убакта Курманжан Датка көчөсүндө катталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, тротуардын урашына жанындагы турак үйдүн курулушундагы жер казуу иштеринде кетирилген мүчүлүштүктөр себеп болгон. Окуя болгон күнү кечинде тиешелүү кызматтар тартылып, калыбына келтирүү иштери башталган.

«21-июнда Ош облусундагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан зарыл чаралар көрүлүп, тротуар толугу менен калыбына келтирилди»,- деп айтылат маалыматта.

Тэги: Ош тротуар

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>