Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон үгүт жолугушуусунда сахнада «Садыр президент» деген жазуусу бар транспорантты көтөрүп турган кыз эс-учун жоготуп кулады. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарап жатат.
Окуя 18-декабрда Жапаров элге кайрылып сөз сүйлөп жаткан учурда болгон. Талапкердин жансакчылары кызды көтөрүп сахнадан алып чыгып кетишкен. Жапаров өзү болсо тез жардам чакырып, кыздын тилин чыгарууну айткан.