Ошто жаран милиция кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

Ошто жаран милиция кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

Ошто милиция кызматкерине 15 миң сом пара берип жаткан  жеринен 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү Р.И. аттуу жарандын бутуна бычак сайып, «бейбаштык» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары суралып жаткан И.И. аттуу жаран маселени оң жагына чечүү максатында милиция кызматкерине пара сунуштаган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, 29 жаштагы шектүү кызматтык бөлмөдө милиция кызматкерине 15 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>