Бүгүн, 12-мартта Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 09:11де болгон. Анын күчүн Ош шаарында жана Кара-Суу районунун Шарк, Таштак, Нариман, Кыргыз-Чек айылдарында 5 баллга чейин жана Кара-Суу шаарында 4 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.