Оштогу №5 тергөө изоляторунда көптөн күткөн оңдоо иши башталды

Оштогу №5 тергөө изоляторунда көптөн күткөн оңдоо иши башталды

Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда жетекчилиги тарабынан камак жайларынын шарттарын жакшыртуу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, биринчи кезекте ички канализацияны жаңылоо иштери башталды. Себеби мекеме эскилиги жеткен советтик мезгилден калган чоюн түтүктөр менен жабдылган. Көп жылдан бери үзгүлтүксүз иштөөдөн улам системанын айрым жерлеринде түтүктөр чирип кеткен. Саркындылар акырындап дубалга сиңе баштаган.

Нымдуулук акырындап дубалга сиңип отуруп шыбактары урай баштаган. Азыр көрүлгөн оңдоо иш-чаралардан кийин дубалдар кургай баштады.

Учурда режимдик имараттарда дагы башка оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>