Ош шаарындагы «Келечек» базары 31-июлда көчүрүлөрү айтылды

Ош шаарындагы «Келечек» базары 31-июлда көчүрүлөрү айтылды

Ош шаарынын мэриясы «Келечек» базары 31-июлда жаңы муниципалдык базарга көчүрүлө баштарын билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган базардын жетекчилигине бир жыл мурун соодагерлерди жаңы борбордук базар жактагы 3 гектар жерге көчүрүү сунушталган. Бирок ээлери базар куруудан баш тартышкан.

«Быйыл да «Келечек» базарын көчүрүү маселеси көтөрүлүп, соодагерлерге 3,5 гектар жер бөлүнүп берилип, азыркы олтурган контейнерлерин көчүрүп алып барып, орнотуп берүү сунушталган. Же ошол жерге инвестор таап өзүңөр жаңыдан базар куруп алгыла деген сунуштар айтылган. Бирок соодагерлер сунуштардын эч бирине макул болгон эмес. Шаар мэриясы «Келечек» базарын жаңы борбордук базарга көчүрүүнү 31-июлга пландап жатат»,- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Ош мэриясы Бексултан жана шоколад базары 27-июлда көчүрүлө баштарын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>