Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев 4-октябрга чейин камакта калтырылды

03.09.2025 | 09:30

Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевге карата баш коргоо чарасын тандады. Ал 2025-жылдын 4-октябрына чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадырбаевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголгон.

«2025-жылдын 26-августунда Биринчи Май райондук сотунун аныктамасы менен ИИМдин тергөө тобунун өтүнүчү канааттандырылган», — деп такташты соттон.

Эске салсак, Айтмамат Кадырбаев 2014–2018-жылдары Ош шаарынын мэри болуп иштеген. Кийин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. 2021-жылы ал №10 Куршаб бир мандаттуу округунан парламенттик шайлоого катышып, 3-орунду алган.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top