Осло-2021: Акматалиев менен Тыныбекова финалда күрөшөт

Осло-2021: Акматалиев менен Тыныбекова финалда күрөшөт

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова америкалык Кайла Коллина Кийок Чудо менен күрөшөт. Ал эми 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев болсо польшалык Магоммедмурад Гаджиев менен килем үстүндө жолугат.

Бүгүн, 5-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтөт. Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмактагы Айпери Медет кызы алгачкы беттешин өткөрөт. Анын алгачкы атаандашы болгариялык Мария Оряшкова болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>