Site icon Reporter.kg

Осмонов, Жолдошбеков, Жумашбек уулу Азия чемпионатына катышат

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык 10 балбан Бишкекте өтө турган Азия биринчилигине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 11-16-апрелде болуп өтөт.

Эскерте кетсек, аталган спортчулардын арасынан Нуртилек Карыпбаев, Андрей Аронов жана Айаал Лазарев 19-21-апрелде Бишкекте өтө турган Азиялык лицензиялык мелдешке катышат. Бул мелдеште спортчулар Олимпиадага жолдомо алуу үчүн күч сынашат.

Ошондой эле эркин күрөштөн лицензиялык турнирге Эрназар Акматалиев, Бекзат Алмаз уулу жана Орозобек Токтомамбетов катышат.

Акматалиев баштаган балбандар Олимпиаданын лицензиясы үчүн күрөшөт

Exit mobile version