Кыргызстандын Финансылык чалгындоо кызматы 2024-жылы каржылык бузуулардын негизинде жалпы суммасы 1,8 миллиард сомдон ашкан каражаттарды тоңдуруп, операцияларды токтоткон. Бул тууралуу аталган кызматка шилтеме жасап, «Акчабар» каржы порталы жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылы өлкөнүн Жыйынды санкциялык тизмесине 39 адам киргизилген. Тоңдурулган операциялардын суммасы 584,1 миң сомду түзгөн. Ошол эле учурда токтотулган операциялардын жалпы суммасы 1,24 миллиард сомдон ашкан.
Финансылык чалгын кызматына 2024-жылы жалпысынан 966,4 миң шектүү каржылык операциялар тууралуу билдирүүлөр түшкөн. Анын ичинен:
- 952,1 миң кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоого байланыштуу;
- 317 учур терроризмди каржылоого байланыштуу;
- 781,9 миң жогорку тобокелдикке ээ өлкөлөр менен байланышкан операциялар;
- 25,3 миң операция мурда экономикалык кылмыштар же экстремизм боюнча соттолгон жарандар менен байланыштуу болгон.