Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курамасына Йоахим Лёв башкы машыктыруучулук кылышы мүмкүн

Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курамасына Йоахим Лёв башкы машыктыруучулук кылышы мүмкүн

Белгилүү германиялык адис Йоахим Лёв Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазууда.

Маалыматка ылайык, учурда Өзбекстан футбол ассоциациясы Йоахим Лёв менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

65 жаштагы адис 2014-жылы Германиянын улуттук курама командасын дүйнө чемпиону кылып, ошол жылы ФИФА тарабынан дүйнөнүн мыкты машыктыруучусу деп таанылган. Лёв 2021-жылдын март айында Германия курама командасынын башчылыгынан кеткен бери эч ким кызматташа элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>