Өздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалды

11.04.2026 | 12:29

Бишкек шаарында 20 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылдын 29-августунда милиция бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ага белгисиз адамдар WhatsApp аркылуу байланышып, өздөрүн УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган. Андан кийин алар ага басым көрсөтүп, финансылык операцияларды жүргүзүү боюнча көрсөтмө беришкен. Жабырлануучу көрсөтүлгөн эсептерге 1 млн 392 миң сом которгон.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштеринин жүрүшүндө 20 жаштагы К.М. аттуу жаран кармалган.. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда окуянын жагдайларын тактоо жана тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Бишкек шаарынын ИИББи жарандарды мамлекеттик органдардын атынан келген чалууларга жана билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат. Мамлекеттик органдар мессенджерлер аркылуу акча которууну талап кылбайт.

Scroll to Top