Эми өзгөчө сандардын комбинациясынан жана тамгалардан куралган мамлекеттик номерлерге берилүүчү сертификатты санарип форматта алууга мүмкүн. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Буга чейин аталган документ кагаз түрүндө гана берилсе, эми ал Tunduk мобилдик колдонмосундагы «Санариптик документтер» бөлүмүндө жеткиликтүү.
«Документ жаранга өзгөчө символдору бар каттоочу номерлерге ээлик кылууга шарт түзөт. Санариптик версия сертификатты алуу жолун жеңилдетип, кагаз түрүндөгү документти алып жүрүүдөн бошотот, документти ыңгайлуу сакталышын да камсыздайт»,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мурда берилген кагаз түрүндөгү сертификаттар өз күчүн жоготпойт жана анык бойдон кала берет.