Өзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилди

25.03.2026 | 17:49

Бүгүн, 25-мартта Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом тапшырды. Бул тууралуу президенттин аталган Оштогу өкүлчүлүгү кабарлады.

Өзгөн районунун Мырза-Арык айылынын тургуну Мавлюда Бердигулова 2026-жылдын 20-февралында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында үч кызды жарык дүйнөгө алып келген. Наристелерге Аиша, Айчырай жана Адинай деген ысымдар берилген.

Ымыркайлар 4-мартта ооруканадан үйүнө чыгарылган. Учурда алардын салмагы 1800, 2220 жана 2320 граммды түзөт. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, эненин жана балдардын ден соолугу жакшы.

Облус башчысы үй-бүлөнүн жашаган жерине барып, эне менен ымыркайлардын абалы менен таанышып, акчалай каражатты тапшырды.

Scroll to Top