Site icon Reporter.kg

Кен казууга лицензияны кытайлык инвесторлорго мыйзамсыз сатышкан кызматкерлер кармалды

УКМК кум-шагыл аралашмасын казууга лицензия берүү боюнча коррупциялык схема аныкталганын кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кум-шагыл карьерлеринин долбоорлоочусу Ж.М. жана Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын жер-суу көзөмөлдөө кызматынын инспектору Ш.А. жеке материалдык баюу максатын көздөшүп, Кытайдын инвесторлоруна лицензияны 250 миң АКШ долларына мыйзамсыз сатып жиберишкен.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында аталган адамдар кармалып, Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилген.

Учурда пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү фактыларын, ошондой эле жогоруда аталган фактыларга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version