УКМК кум-шагыл аралашмасын казууга лицензия берүү боюнча коррупциялык схема аныкталганын кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, кум-шагыл карьерлеринин долбоорлоочусу Ж.М. жана Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын жер-суу көзөмөлдөө кызматынын инспектору Ш.А. жеке материалдык баюу максатын көздөшүп, Кытайдын инвесторлоруна лицензияны 250 миң АКШ долларына мыйзамсыз сатып жиберишкен.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында аталган адамдар кармалып, Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилген.
Учурда пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү фактыларын, ошондой эле жогоруда аталган фактыларга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.