Акыркы жылдары дарыгерлер жана изилдөөчүлөр адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү азыктар тууралуу көп эскертип келишет. Британдык белгилүү эпидемиолог жана диетолог профессор Тим Спектор акыркы изилдөөлөргө таянып, эртең мененки тамакта көп колдонулган, бирок адамдын ден соолугу үчүн коркунуч жараткан азыктарды атады.
Анын айтымында, супермаркеттерде кеңири сатылган ак нан жана башка ультра иштетилген азыктар (мисалы, колбаса, печенье, торт, таттуулар, жарамдуулук мөөнөтү узак нандар ж.б.) күнүмдүк рациондо көбүрөөк орун алса, жоон ичеги рагынын (колоректалдык рак) пайда болуу тобокелдиги олуттуу жогорулайт.
“Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай азыктарга бай тамактануу рак ооруларынан өлүм коркунучун үчтөн бирге чейин көбөйтөт”, — дейт профессор Спектор.
Эмне үчүн ак нан зыяндуу болушу мүмкүн?
Көпчүлүк адамдар эртең мененки тамакта ден соолукка зыяндуу майлуу тамак-аштардан көрө, нанды артык көрүшөт. Бирок дарыгерлер, айрыкча, ак нан жана глютенди кайра иштетүү аркылуу алынган нандар организмге керектүү клетчатка жетиштүү деңгээлде камтыбаганын, андан тышкары кошумча химиялык заттар менен байытылганын белгилешет.
“Эң зыяндуу азыктар – бул курамында узун ингредиенттер тизмеси болгон, көп этаптуу иштетүүдөн өткөн продукциялар”, — деп эскертет адис.
Кантип ден-соолукка пайдалуу нан тандоо керек?
Профессордун кеңеши боюнча, нан сатып алууда төмөнкү нерселерге көңүл буруу зарыл:
Клетчаткасы көп болушу керек: 100 грамм нанда жок дегенде 6 грамм клетчатка болушу керек.
Кант кошулбаганы оң: Ашыкча шекер да рак жана башка өнөкөт оорулардын коркунучун жогорулатат.
Ингредиенттердин тизмеси кыска болушу керек: Курамында пальма майы, эмульгаторлор, консерванттар болбогону жакшы.
Бүт дан азыктары артыкчылыкка ээ: Бирок кээ бир “бүт дан” деп жазылган нандар да терең иштетилген болушу мүмкүн — курамын кылдат окуп чыгуу зарыл.
Клетчатканын ролу: табигый коргонуу механизми
Клетчатка организм үчүн маанилүү компоненттердин бири болуп саналат. Ал ичеги-карындын ишин жакшыртат, токсиндерди чыгарат жана рак клеткаларынын түзүлүшүн алдын алат. Табигый клетчатка бүт дан буудайында, кара күрүчтө, жашылча-жемиштерде, дан азыктарында көп болот.
Профессор белгилегендей, клетчаткага бай сапаттуу нан — эртең мененки тамак үчүн эң жакшы альтернатива болуп саналат
Эң көп кездешкен кооптуу азыктар:
1. Иштетилген эт азыктары (сосиска, колбаса, пасторма, ышталган эт). Нитрат жана нитрит кошулмалары ичеги-карын рагын пайда кылышы мүмкүн.
2. Ысык майга куурулган азыктар
(картошка фри, чипсы, самса ж.б.).Жогорку температурада пайда болгон акриламид канцероген болуп эсептелет.
3. Консервалар жана көп кошумча камтылган азыктар
Консерванттар, жасалма түс жана даам берүүчү кошулмалар клеткаларды бузат.
4. Шекери өтө көп азыктар (газдалган суусундуктар, торт, конфет). Семирүү, инсулинге туруктуулук жана мындан улам айрым рак түрлөрүнүн коркунучу жогорулайт.
5. Алкоголь
Боор, тамак, ичеги, эмчек рагы сыяктуу оорулардын тобокелдигин арттырат.
6. Көмөч жана күйгөн эт
Жогорку температурада көмүлүп бышкан этте канцерогендүү заттар пайда болот.
Билип алыңыз!
- Табигый жана жаңы бышкан тамактарды тандаңыз.
- Жашылча-жемишти көбүрөөк жеп, суу ичүүнү унутпаңыз.
- Майлуу, туздуу, шекер кошулган жана кайра иштетилген азыктарды чектеңиз.
Ден-соолукка кайдыгер карабоо үчүн күнүмдүк рационду кылдаттык менен тандап, сапаттуу жана табигый азыктарга артыкчылык берүү керек. Эртең мененки нанды тандоодо анын курамын окуп, чыныгы пайдасы бар экенине ишениңиз. Сиз тандаган азык — келечектеги ден соолугуңуздун негизи!