Пара алып турган! ИИМдин медицина башкармалыгынын башчысы кармалды

Пара алып турган! ИИМдин медицина башкармалыгынын башчысы кармалды

Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын башчысы, аскердик-медицина комиссиянын төрагасы полковник Жыргалбек Жакыпов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган адам ИИМде кызмат өтөмөкчү болгон талапкерлердин ден соолугунун абалы талапка жооп бербесе дагы медициналык корутундусун оң жака чечип берүү үчүн пара алып турган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдарЖазык кодексинин 325-беренеси (“Пара алуу”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жакыпов УКМК тергөө камак жайынына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>