Пара алууга шектелип кармалган Ноокат райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын тескөөчүсү Зарина Камбарова үй камагына чыгарылды.
Ош шаардык соту шектүүнүн эки жаш баласын өзү тарбиялап келгенин жана ден соолугу начар экенин эске алып, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алган.
Белгилей кетсек, Керимова 30-ноябрь күнү М.М. аттуу жарандын арызынын негизинде 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган.