Парламент комитети вице-премьерликке Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырды

Парламент комитети вице-премьерликке Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети вице-премьер-министр кызматына Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырды.

Ал эми вице-премьер-министр кызматынан бошотулган Аида Исмаилованын талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына көрсөтүлүп, колдоо тапты.

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-октябрда Элвира Сурабалдиеванын өз арызына ылайык Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Сурабалдиева 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата-Мекен” партиясы менен ал эми Исмаилова мурдагы бийликтин “Биримдик” партиясы менен шайлоого катышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>